08.06.2019 18:34

«Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» митингине 1000-2000 адам катышты

«Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» митингине 1000-2000 адам катышты

Бүгүн Бишкекте «Медиа Форумдун» алдында өткөн митингге 1000-2000 адам катышты. Алардын арасында Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев, КСДП мүчөлөрү, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери болду.

Иш-чара «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» урааны алдында өттү. Анда өлкөдө коррупция менен чыныгы күрөш жүрбөстөн,  Сооронбай Жээнбеков өзүнүн  режимине жакпаган адамдардан өч алып жатканы айтылды.  

Иш-чарага катышкан мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун, экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдун жактоочулары сот процесстери мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын билдиришти.

Митингдин акырында бийликке бир нече талап коюп, резолюция кабыл алышты.