12.03.2020 16:29

Коррупция: Ошто райондук соттун кызматкери 50 миң сом пара менен кармалды

Коррупция: Ошто райондук соттун кызматкери 50 миң сом пара менен кармалды

Ошто райондук соттун кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштери министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жакында Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгына кызмат адамы тарабынан коррупциялык багыттагы мыйзамга каршы иш-аракеттеринин жасалып жатканы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А.Б., аттуу жарандан арыз келип түшүп, анда Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 326-беренесинин (Пара талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган.

Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 миң сом акча каражаты табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.