26.11.2019 14:08

Коррупция: Турциядагы элчи минген унаасын ижарага берип келген

Коррупция: Турциядагы элчи минген унаасын ижарага берип келген

Кыргызстандын Турциядагы башкы консулу минген унаасын 10 миң долларга ижарага берген. Бул тууралуу Sozcu турциялык басылма жазып чыкты. Ачыкталган маалымат боюнча отчет кыргыз тарапка жөнөтүлгөн.

10-ноябрда киши колдуу болуп каза тапкан Айеркен Саймаитинин чөнтөгүнөн милиция кызматкерлери Range Rover маркасындагы жол тандабастын ачкычын табышкан. Автоунаада дипломатиялык номерлер тагылуу болгон. Болгондо дагы башкы элчи Эркин Сопоковдун атына катталган.

Көп өтпөй, 12-ноябрда КР президенти Сооронбай Жээнбеков Эркин Сопоковду кызматынан бошоткон.

КР ТИМги кылмыш окуясы орун алган жерде табылган жол тандабас Range Rover Сопоковго таандык экенин расмий түрдө бышыктаган. Ал эми номерлери дипломатиялык болуп чыккан. Өз кезегинде Сопоков тепкен унаасы кантип кылмыш болгон жерге барып калганын түшүндүрүп берген эмес.

Кыргызстандын каржы полициясы Айеркен Саймаитини үстүбүздөгү жылдын сентябрында эле издөөгө салганын 12-ноябрда жар салган.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.