16.05.2018 12:00

Коррупцияга каршы күрөштө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсеби ачылат

Коррупцияга каршы күрөштө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсеби ачылат

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсеби ачылат. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда  өндүрүлгөн акча каражаттарынын  эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелерди чечүү тапшырмасын берди.

Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу үчүн КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев  прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүп, анда атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Өкмөткө бул максаттарда атайын банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.