04.03.2020 15:45

Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөр: Жээнбековдор кылмыш иши боюнча соттук процессти көзөмөлдөп жатышат

Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөр: Жээнбековдор кылмыш иши боюнча соттук процессти көзөмөлдөп жатышат

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук угуулар башталды.

Бул себептүү жактоочулар “Апрель” телеканалына шектүүлөрдүн кайрылуусун тапшырышты.

Билдирүүдө, айыпталып жаткандар президент Жээнбековдун режиминин саясий туткундары экенин белгилеп, Кой-Таш окуясы иликтенип жаткан соттук процесстеги процессуалдык норомалардын бузулушунун аркасында азыркы президенттин туугандары тураарын билдиришкен.

“Аталган кылмыш иши боюнча баштапкы угуулардын башынан тартып эле толгон-токой мыйзам бузууларга жол берилип жатат: айыпталуучуларга жасалма түрдө шарттар түзүлбөй, алар процесске толук кандуу катыша албай, сөз уга албай, жактоочулары менен сүйлөшө албай жатышат”, - деп жазылат кайрылууда.

Алардын маалыматына караганда, айыптоочулар тобун жетектеген Бишкектин прокурору Бекмамат уулу Темирбек Жээнбековдорго тууган келет.

“Соттук процесс Асылбек Жээнбековдун кудасы, жакын адамы - Бишкектин прокурору Бекмамат уулу Темирбек жетектеген айыптоочу тараптын ачык басымы алдында өтүп жатат”, - деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Бекмамат уулу Темирбек Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда башкы прокурордун орун басарлык кызматынан кол жууган. Бул себептүү анын жеке кызыкчылыгы дагы болушу ыктымал.

“Ал негизсиз эле соттук процесске аралашып, президенттин үй-бүлөсү менен туугандык байланышы болгондуктан өзүнүн катышуусу менен судьяга басым көрсөтүп жатат”, - деп белгилешет шектүүлөр.

Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинин алкагында 14 кишиге айып тагылды. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар. Белгилей кетсек, тергөө менен кызматташууга макул болгон 5 кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.