13.12.2018 13:27

Койдун карынын жол боюна төккөн Ош шаарынын тургуну айып пул төлөөгө милдеттендирилди

Койдун карынын жол боюна төккөн Ош шаарынын тургуну айып пул төлөөгө милдеттендирилди

Союлган койдун карынындагыларды жол боюндагы арыкка төккөн Ош шаарынын тургуну 5 миң сом айып пулга жыгылды. Бул туурасында April.kg порталына Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына караганда, мындай чечимди Мамлекеттик экотехинспекциядан кабыл алышкан.

«Айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн 1989-жылы туулган Ош шаарынын тургуну 5 миң сом айыпка тартылды. Ал өзү тасма тартылган жердеги коомдук тамактануучу жайда иштейт экен. Экинчи мындай кылбаска милдеттендирилди», -дешти мэриядан.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жаш келин Оштун борбордук көчөлөрүнүн бириндеги арыкка карынды төгүп жаткан тасма тарап кеткен. Анын бул жоругуна түшүндүрмө сураган тасманын авторуна атырылып, анысы аз келгенсип, карындагы калдыктан чачкан.