22.04.2020 10:35

Кой-Таш окуясы: Биринчи май райондук сотунда отурум башталды (сүрөт)

Кой-Таш окуясы: Биринчи май райондук сотунда отурум башталды (сүрөт)

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башталды. Соттук отурум бүгүн, 22-апрелге саат 10:00 пландалган. Сот залында иш боюнча өтүп жаткандар арасынан Асел Кодуранова жана Кундуз Жолдубаева катышууда.

Ал эми соттук отурум өтө турчу залга карантинге байланыштуу шектүүлөрдүн жакындарын киргизбей жатышат. Белгилей кетсек, айыпталуучулардын жакындары көп эмес, жетиге чукул адам келген. Буга карабастан, бөлмөгө жактоочулар, прокурор жана айыпталуучулар эле киришти.

Биздин маалымат боюнча, шектүүлөр жалгыз эле Бишкектин СИЗО-1ден алып келишти. Бул иш боюнча өтүп жаткандар арасындагы УКМК тергөө абагында жаткандар, анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумда жок.

Эске салсак, окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.