11.09.2019 21:08

Кой-Таш окуясы боюнча комиссия жыйынына Асель Кодуранова менен Курсан Асанов катышат

Кой-Таш окуясы боюнча комиссия жыйынына Асель Кодуранова менен Курсан Асанов катышат

Бүгүн, 11-сентябрда Кой-Таш айылында 7-8-августта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти. 

Вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков белгилегендей, буга чейин кабыл алынган чечимдердин алкагында эки жумушчу топ түзүлүп, алардын курамы аныкталды.

Кой-Таш айылындагы окуялардын кесепетинен келип чыккан себептик-иликтөө байланыштарын изилдөө боюнча топко: Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Батырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев киришти.

7-8-августта болгон окуялардын талдоосун даярдоо боюнча жумушчу топко Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.

Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин маалыматтарын угушту.

Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылган.