25.02.2020 13:12

Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандарга айыптоо актылары расмий тапшырылды

Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандарга айыптоо актылары расмий тапшырылды

Бүгүн, 25-февралда прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандарга айыптоо актыларын расмий тапшырды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбуктагы» жеке баракчасында билдирди.

Анын маалыматына караганда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекитти.

Жолдубаева айыптоолордун баары «бир тараптуу, далил базасы жок жана оозеки айтылгандарга негизделген» деп жазды жана айыпталуучу деп табылгандардын тизмесин жарыялады:

Атамбаев Алмазбек, Ниязов Фарид, Жээнбеков Равшан, Карамушкина Ирина, Кодуранова Асел, Жолдубаева Кундуз, Сагымбаев Канат, Мискенбаев Мээрбек, Баабиев Фархат, Осмоналиев Канат, Карыпбек уулу Рыспек, Шаманов Марат, Капарбек уулу Нооруз, Какебаев Асангелди.

Жолдубаева ошондой эле тергөө менен кызматташууга макул болгондордун иши өзүнчө өндүрүшкө алынганын билдирди.

Башкы көзөмөл органы Жолдубаеванын айыптоо актылары тапшырылганы тууралуу билдирүүсүнүн чын-төгүнү жөнүндө комментарий бере элек.

Эске салсак, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.

Башкы прокуратура топтолгон материалдардын негизинде Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» беренелеринин негизинде факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган.