05.08.2020 13:02

Кой-Таш окуясы: Фархат Баабиев элге кайрылуу жасады

Кой-Таш окуясы: Фархат Баабиев элге кайрылуу жасады

Бийликке каршы чыгам деп темир торго түшүп калган Фархат Баабиев Кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы түрмөдө отурганына жакында туура бир жол толот. Учурда Фархат Баабиев дээрлик 8 оор кылмыш боюнча айыпталып жатат.

Фархат Баабиевдин кайрылуусун толугу менен келтиребиз. Кайрылуу:

«Мен Баабиев Фархат Жекшенбекович 2019-жылдын 13-августтунан бери камакта отурам. Мага ушул тапта 8 берене коюлуп жатат. Тергөөнүн бир тараптуу иликтөөлөрү жана УКМКнын провокациялык жалган көргөзмөлөрүнүн негизинде жабык түрүндө адилетсиз сот иштери жүрүп жатат. Сот иштери жабык өтүүгө биз тараптан жашырчу эч нерсе жок, тескерисинче, бийлик тараптын былык иштерин ачыкка чыгарбоо үчүн жабык өтүп жатат. Ал аз келгенсип, сот залында орнотулган аудио, видео жаздыруучу шаймандар өз функциясын аткарбай, тактай кетсем, аудио жана видео жаздыруулар жүргүзүлбөй жатканын аныктадык. Мага коюлуп жаткан айыптарга токтоло кетсем, 310-берене «Мамлекеттик бийликти басып алууга чакырык жасоо», 264-берене «Массалык башаламандыкты уюштуу», 244-берене «Барымтага алуу», 355-берене «Мамлекеттик кызматкерлерге карата кыйноону уюштуруу», 337-берене «Тергөө жана соттук иштерге жолтоо кылуу», 338-берене «Мамлекеттик күч кызматкерлерине карата кыйноо уюштуруу»,257-берене «Жарылуучу жана ок атуучу куралдарды тартып алууну уюштуруу» жана 313-берене «Регион аралык кастыкты козутууга ММК же интернет булактары аркылуу пайдалануу менен чакырык таштоо».

Биринчи коюлган айып боюнча, мен мамлекетибиздин туруктуу жараны катары демократиялык принциптерге таянып, сөз эркиндигин жана укугумду пайдаланып, бийлике, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун мыйзам талаасынан чыгып, болгон Конституциялык нормаларды бузуу элдин жана коомдун кызыкчылыгы эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланып, өлкөдө адилетсиз диктатордук бийлик жүргүзүп жаткандарына нааразы болуп, жеке ой пикиримди билдирүү менен бул бийлике каршы чыккам. Коррупция менен тандалма күрөшүп токулган токтомдор жана жалган көрсөтмөлөр менен жаш саясатчылар Сапар Исаков, Айбек Калиев сыяктуу элдин келечекте үмүт арткан уулдарын Алмазбек Атамбаевди камоо үчүн жөн жерден камакка алып, 25 жылдан ашык тарыхы бар КСДП партиясын түп орду менен жок кылууга жасаган чабуулдары мени ушул кадамга түрткү кылды. 22-июнда Кой-Таш айылында элдин атынан уюшулган коргоо штабында мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мындай мыйзам бузуулар эл ичинде нааразычылык күчөп, кан төгүлүп адам өмүрү кыйлышына алып бараарын алдын ала эскертип, мыйзамдуу талаага кайтып келишин талап кылгам. Мындай башкаруу мамлекеттин келечеги жана келечектеги өсүп келе жаткан жаш муундарга укуксуз жана адилетсиз жашоо алып келиши толук мүмкүн деген түшүнүк менен Алмазбек Шаршеновичти колдоп, эл үчүн келечектеги жаш муундардын жаркын жашоосу үчүн Сооронбай Жээнбековдун жана бийликтин жүргүзүп жаткан ички саясатына каршы турдум деп эсептейм.

2,3,4,5,6,7-коюлган айыптар боюнча, 2019-жылдын 7-августтунда саат 20:00 чамасында УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери Сооронбай Жээнбековдун кылмыштуу буйругун аткарганы келгендиги жана эч кандай эскертүүсүз тынч жүргөн элге ок атуусу менен коштолгон ызы-чууда биринчилерден болуп ок атуучу курал менен каршылык көрсөтпөсөм да атып салганы аз келгенсип, УКМКнын эки спецназы жарадар экениме карабай ур-тепкиге алып, автоматтын аркасы менен эсимди оодара уруп салышкан, аны көрүп калган эки жигит мени боз үйгө алып барып тез жардамга салып жиберишкен. Кой-Таштагы жаңжал күчөп турган маалда мен Мамакеев ооруканасында ичиме кирип кеткен окту операция жолу менен алдырып жатсам, кантип эле бир эле маалда, бир эле убакытта ошончо ызы-чууну уюштурдум экен жана кайсы далилдерге таянып ушунча беренени мага коюп жатышат?

313-берене боюнча, мени 2019-жылдын 13-августтунда таңкы саат 6:00 чамасында УКМК камакка алган. Интернетке жайылып кеткен аудио жана видео жазууну УКМКнын кызматкерлери провокациялык жол менен камакка алуу үчүн атайын уюштурушкан. Мага ал аудио жазууну мени кармаган күнү угузушуп жана элден кечирим сураган видеону кабинеттен өздөрү видеого тартып, 2019-жылдын 15-августтунда интернетке жарыялап жиберишкен. 13-августта УКМКнын СИЗОсуна камакка алынсам, 15-августта мен аны интернетке чыгарып жиберүүгө менде кайдагы мүмкүнчүлүк? Телефон, компьютер эмес бут кийимимдин боосу жок камакка алынаарын ар бир адам билет. Мага карата бир дагы жөнөкөй адамдан каршы көрсөтмө жок экенине карабай камакта мыйзамсыз бир жылдан бери отурам.
Фархат Баабиевтин билдирүүсү.

Урматтуу мекендештер, ак ийилет, бирок сынбайт! Ооба, булар биздин эркиндикке ээлик кылышсын, колдорунан келсе колубузда бар нерсенин баарына ээлик кылышсын. Бирок, ичибиздеги таза идеяларыбызга жана принциптерибизге ээлик кыла алышпайт! Биз ар дайым сиздер менен мекендештер!»

Фархат Баабиев
29.06.2020

Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев күч түзүмдөрүнө өзү чыгып берген. Көп өтпөй экс-президенттин жанындагы активдүү колдоочуларынын басымдуу бөлүгү күч түзүмдөрү тарабынан кармалышкан.