04.02.2020 12:56

Кой-Таш окуясы: Шектүүлөр сотту 10 сааттан ашык күтүүгө аргасыз болушту

Кой-Таш окуясы: Шектүүлөр сотту 10 сааттан ашык күтүүгө аргасыз болушту

Бүгүн, 4-февралда түнкү саат 01:00 чамасында Кой-Таш окуясы боюнча шектелип камакта отургандардын бөгөт чарасы каралды. Биринчи май райондук сотундагы отурум күн мурун, 3-февралда саат 15:00гө белгиленген эле.

КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын маалыматы боюнча, шектүүлөрдү алгач автоунаада кармашып, кийин имараттын ичине киргизип, бирок суу, тамак бербей түн ортосуна чейин кармашкан.

Түнкү саат 02:00 чамасында сот шектүүлөрдүн камактагы убактысын жана үй камагында отургандардын мөөнөтүн 2020-жылдын 9-апрелине чейин узарткан.

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев, экс-президенттин жан сакчысы Канат Сагымбаев дагы эки айга камакта калышты.

Ал эми Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова, мурунку президенттин жардамчысы Кундуз Жолдубаева үй камагында кала бермекчи. Бардыгы тең адамдарды барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга кылган деп айыпталып жатышат.