13.09.2019 12:37

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия катарына Клара Сооронкулова кошулду

  Кой-Таш операциясы (5 материалов)
Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия катарына Клара Сооронкулова кошулду

Кой-Таш айылында 7-8-августта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча уюшулган мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы мүчө кошулду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.

Бүгүн, 13-сентябрда комиссия коомдук ишмер Равшан Жээнбеков менен ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угуу үчүн чогулушту. 

Равшан Жээнбеков менен Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Алар менен катар чакырылган ЖК депутаты Асель Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жолугушууга катыша алган эмес.

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу киргизилди, алар: Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова жана коомдук ишмер Жаркынбек Касымбеков.