11.11.2019 13:23

Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкулов сүйлөп калды

Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкулов сүйлөп калды

7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында жабыркаган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов сүйлөп, акырындан басып калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, ал буга чейин атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жаткан.

«Курманкуловдун ден соолугун калыбына келтирүү иштери уланып жатат, жакшы жылыш бар. Ал өз алдынча басып, сүйлөп калды», - дешти министрликтен.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.