08.08.2019 19:50

Кой-Таш операциясы: Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти (видео)

Кой-Таш операциясы: Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти (видео)

УКМКнын эки жолку ийгиликсиз оперциясынан кийин Алмазбек Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берди. Экс-президенттин жалгыз талабы - күч түзүмдөрүнүн өз тарапташтарына кол көтөрбөшү болду. Атамбаев түшкөн кичи бус Кант шаары аркылуу кетип баратат. Бул тууралуу April.kg кабарчысы Канат Каниметов билдирди.

Анын айтымында, экс-президент, президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов жана КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева түшкөн эки унаа Атамбаевдин тарапташтарынан качып, айланма жолго салышты. Айрым маалыматтарга караганда, экс-президентти Башкы тергөө башкармалыгына алып баратышат.