08.08.2019 19:01

Кой-Таш операциясы: Күч түзүм кызматкерлери экс-президенттин үйүн басып алышты

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Кой-Таш операциясы: Күч түзүм кызматкерлери экс-президенттин үйүн басып алышты

Атайын багыттагы отряддын жоокерлери Алмазбек Атамбаевдин үйүн толугу менен курчоого алып, тарапташтарын сыртка сүрүп чыгарды. Бул туурасында April.kg кабарчысы билдирди. 

Алар үйдүн дарбазасын чопкутталган машина менен сүзүп киришкен. Учурда үй ичинде өздөрүнө тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатышат.  Атайын багыттагы отряддын жоокерлери менен ӨКМ кызматкерлери жана «Тез жардам» кызматы да бар.

Белгилүү болгондой, Кой-Таш операциясына ИИМдин миңдеген ички аскерлер бөлүгү, Робокоп кийимчен атайын багыттагы отряд кызматкерлери, УКМКнын спецназы тартылган.

April.kg кабарчысынын маалыматына караганда, экс-президенттин үйүндө өрт болгон жок, маңдайдагы чөбү кургаган тоо өрттөнгөн. УКМКнын «Альфа-антитеррор» бөлүмүнүн кызматкерлери минип барган эки кичи бустун бирөө өрттөнүп кеткен.

Экс-президент жана анын үй-бүлө мүчөлөрү эмне болгону тууралуу так маалымат жок.

Жеринде журналисттердин ишмердүүлүгүнө тыюу салып жатышат.