12.09.2019 11:45

Кой-Таш жана Арашандын жабырлануучулары менен жолугушуу жылдырылды. Бийлик коркуп кетти

Кой-Таш жана Арашандын жабырлануучулары менен жолугушуу жылдырылды. Бийлик коркуп кетти

Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары бүгүн саат 10:00дө Акыйкатчы менен жолугушмак. Айыл өкмөтүндө боло турган жолугушууну акыркы мүнөттөрдө Омбудсмен аппаратынын кеңсесине жылдырып салышты. Бул туурасында КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Себеп- жергиликтүү бийлик топтолуп жаткан элдин санынан коркуп кетти. Жерине дароо милиция кызматкерлери жетип келишти», -деп билдирди Жолдубаева. 

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-8-августунда экс-президентти күч менен кармап келүү операциясы жүргүзүлүп, ага атайын багыттагы отряд тартылган. Куралчан спецназ менен Атамбаевди колдогон карапайым эл арасында кагылышуу чыгып, жүздөн ашык адам жаракат алган, бир спецназ жоокери каза тапкан.

8-август күнү кечке маал Алмазбек Атамбаев тополоңду токтотуу максатында колго түшүп берген. Экс-президент ошол эле күнү УКМКнын Тергөө изоляторуна алынып келинген. 

Биринчи Май райондук соту экс-президентти 26-октябрга чейин камакта калтырган.