02.07.2019 21:24

Кой-Ташка Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Мухтар Айнакулов барды

Кой-Ташка Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Мухтар Айнакулов барды

Бүгүн, 2-июлда Кой-Таштагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө дагы бир депутат келди. Ал КСДП фракциясынын депутаты-Мухтар Айнакулов.

Ал журналисттерге кайсы бир «жээкти» тандоого укугу жок экенин билдирди. 

«Мен 1999-жылдан бери партиядамын. Жаңы түптөлгөндөн бери чогуу келатам десем болот. Бүгүн мындай бөлүнүп-жарылуу жүрүп жатканда, мен кайсы бир жээкти тандап, Кыргызстанды экиге бөлүүгө укугум жок деп эсептейм. Биз баарыбыз бир бүтүнбүз, бирок баары бирдиктүү мыйзам чегинде болушу керек», - деди депутат.

Ал ошондой эле, Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын алып салуу чечимине токтолду.  

«Жогорку Кеңеш экс-президентти ыйгарым укуктарынан ажыратууну заматта чече салды. Мындай болбош керек эле. 2011-жылы бүт өлкө аны колдогон. Өзүм болсо, добуш берүүгө катышпай эле коюуну чечип, ал күнү ооруканада жүрдүм», - деп билдирди депутат.

Андан тышкары, Айнакулов парламенттик комиссиянын түзүлүшүнө каршы чыкканын билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, комиссияга Атамбаевге жеке өчү бар адамдар кирип калган.  

«Ал адамдар бул ишке аралашпаш керек болчу. Комиссия бир жуманын ичинде түзүлдү. Баарын шашылыш жасашты. Эл аны түшүнүп турат.  Эгер биз парламенттик мамлекет болсок, бардык чечимди мыйзам чегинде кабыл алышыбыз керек», - деп кошумчалады ал.