08.08.2019 08:57

Кой-Ташта атайын багыттагы отряддын чабуулунан 48 адам жабыркады

Кой-Ташта атайын багыттагы отряддын чабуулунан 48 адам жабыркады

Кой-Таштагы операциядан кийин Бишкек менен Чүй облусунун ооруканаларына 48 адам кайрылды, деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Маалыматка караганда, тогуз адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, атайын багыттагы отряддын бир жоокери каза тапты, 25 адам баш мээсинен жабык жаракат алып, кээсинин баш мээси чайкалды, 4 адам ок жеп, 6 адам ар кандай жаракаттарды алышты.

Бардык профилдик ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат, дары-дармектер жетиштүү өлчөмдө, деп билдиришкен министрликтен.

Эскерте кетсек, кечээ саат 20:00 чамасында атайын багыттагы отряд кызматкерлери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасаган. Бул маалда резиденцияда эки жүзгө жакын адам бар болчу: аялдар, кары-картаңдар, жаш балдар жана Атамбаев жаңы эле эл менен жолугушууга чыккан эле.

Тосмо дубалдардан ашып түшкөн жоокерлер короодо жүргөн эл тарапка ок чыгарып башташкан. Экс-президенттердин тарапташтары 5 сааттан ашык Атамбаевдин үйүн коргошуп, атайын багыттагы бөлүм кызматкерлерине аны кармап кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. 

УКМК жоокерлер резина окторду гана колдонду деген менен, Кой-Таштан аскерий куралдан ок атылганын айтышууда.

Саат 02:00лерде ИИМ орун басары Курсан Асанов менен экс-президенттердин тарапташтарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, Атамбаевдин тарапташтары алардын Кой-Таштан кетүүсүн талап кылган. Саат 3төрдө атайын багыттагы отряд кызматкерлери Кой-Таштан чыгып кетишкен. 

Кийин Атамбаев расмий билдирүү менен кыргыз бийлигине кайрылган. Экс-президент аларды кан төгүүлөргө барбай, укуктук талаага  келүүгө чакырды.