27.06.2019 21:29

Кой-Таштагы «Элдик штаб»: Бийлик оппозициядан «үчүнчү сабак» алышы мүмкүн

Кой-Таштагы «Элдик штаб»: Бийлик оппозициядан «үчүнчү сабак» алышы мүмкүн

Бийлик оппозициядан «үчүнчү сабак» алышы мүмкүн. Бул туурасында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө өткөн маалымат жыйын учурунда элдик штаб мүчөлөрү билдиришти. 

КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов билдиргендей: «Бул органдардын баары - президент дагы, парламент дагы өз мөөнөтүнүн аягына жетпей калышы мүмкүн. Эгерде жакынкы күндөрдө президент менен парламент өзүнүн катасын  оңдобосо, биз өзүбүз аракеттенүүгө өтөбүз. Жана анда ишти созуп отурбайбыз».

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина: «Биз аянтка, шаар борборуна чыгып, өз оюбузду айтууга толук укугубуз бар. Мунун арты бийликке «үчүнчү сабак» берп коюуга алып келиши мүмкүн. Курмандыктарды болтурбоо үчүн баарын жасайбыз. Укук коргоо органдары эки мурунку төңкөрүштөн сабак алып калышты. Ал сабактар күч түзүмдөрү үчүн бекер кеткен жок деп ойлойм»