14.01.2019 17:40

Кой-Таштагы кашардан бир ай мурун чыгып кеткен киши изделүүдө

Кой-Таштагы кашардан бир ай мурун чыгып кеткен киши изделүүдө

Аламүдүн районунун ИИБи бир айдан бери дайынсыз жоголгон 53 жаштагы эркек кишини издөөдө. Бул туурасында Чүй облусунун ИИББ маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Темиркул Абылгазиевич Соронбаев 2108-жылдын 12-декабрга караган түнү Кой-Таш айылында жайгашкан кашардан чыгып кетип, ошол бойдон үйүнө келген эмес. 

Белгилери: бою 170-175 см, арыкчырай, көздөрү кара, чачтары кыска, ак аралаган, мурду кырдач.

Үстүндөгү кийими: кара түстөгү свитер, кара жинсы шым, бутунда сары түстөгү жайкы бут кийим. 

Темиркул Соронбаев тууралуу көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөбүз:

0312 36 35 27, 0701 67 55 56, 0700 20 96 66, 0704 31 25 05, 0552 22 06 92  же 102.