29.08.2019 16:05

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тизме

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тизме

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Буйрукка 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы
№ 3218-VI «2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана  Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.

Комиссиянын курамы

  • Разаков Жеңиш Парпиевич

-   Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

  • Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович

-   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

 

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

  • Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

-    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

  • Бакчиев Жаныбек Абдукапарович

-    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

  • Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович

-    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

  • Мамытов Талант Турдумаматович

-    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

  • Субанбеков Бакирдин Жамалович

-    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

  • Шайназаров Тынчтык Урайимович

-    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

  • Араев Азамат

           Муратович

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

  • Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич

-    Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы
(макулдашуу боюнча);

  • Жаманкулов Марат Тургунбаевич

-    Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

  • Намазалиев Алтынбек Абдисаламович

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

  • Саккараев Марс Намарбекович

-    Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;

  • Асанкулов Бекболсун Сатаркулович

-    Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча);

  • Медетбеков Артур Капарович

-    «Антитеррор-Альфа» ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

  • Исаков Исмаил

           Исакович

-    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

  • Кожоналиев Кубатбек Азатович

-    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

  • Турсунбек Акун

-    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

  • Мамасалиев Алишер Тургунбаевич

-    эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).