19.08.2019 11:14

Кой-Таштагы тополоңдо спецназдын ур-токмогунан жай жаран каза тапкан. КСДП маалыматты текшерип жатат

  Кой-Таш операциясы (5 материалов)
Кой-Таштагы тополоңдо спецназдын ур-токмогунан жай жаран каза тапкан. КСДП маалыматты текшерип жатат

Кой-Таштагы башаламандыкты эл баштаган жок, бийлик өзү элдин жанын кашайтты. Бул туурасында  Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина Улуттук коопсуздук комитетине жолдогон кайрылуусунда билдирди. 

Анын айтымында, чагымды бийлик жасады, эл болгону өзүнүн оппозициялык аянтчасы болушу үчүн жана эч күнөөсү жок туруп, өз принциптеринин айынан куугунтукталып жаткан Атамбаевди коргоо үчүн чыкты.  УКМКда бул туурасында ачык-айкын фактылар бар.  

«Эмне үчүн силер [УКМК] өзүңөрдүн видеоматериалдарыңарды көрсөтпөйсүнөр? Эмне үчүн спецназ жоокерлери сабап, жарадар кылган жөнөкөй жарандарга, Атамбаевдин өзүнө жана анын айланасындагыларга башаламандыкты уюштуруу жана кармоо учурунда бийликке каршылык көрсөтүү дегенди бетпактык менен «жабыштырып» жатасыңар? Экс-президенттерди азыр террористтерди жана бандиттердин башчысын кармагандай кармап калды беле?», -деди Ирина Карамушкина. 

Ал ошондой эле, Кой-Таштагы тополоңдо спецназдын ур-токмогунан жана алган жаракатынан 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу жаран каза тапканы тууралуу маалымат укканын кошумчалады.

«Азыр биздин партиялаш балдар маалыматты тактап жатышат, эгер ал чын болсо, мен бардык 7-8-августта жаракат алып, майып болуп калгандарды сотторго, жарандардын укугун коргой турган эл аралык уюмдарга арызданууга чакырам!  Коркпогула! Биз мыйзамга каршы келе турган эч нерсе жасаган жокпуз, бийлик жасады. Бийлик өзүнүн мыйзамга каршы келе турган иштери үчүн жооп бериши керек! Бийлик «Медиа Форумда» ижарага алынган «Апрелдин» студиясын жана КСДПнын кеңсесин камакка алганы үчүн жооп бериши керек. Мына ушундай маселеде Жогорку Кеңеш ыкчам чогулуп, шайлоочулардын укугун коргошу керек эле. Бирок башында сатып кеткендер эми коркуп, куйруктарын кыпчып отургандан башкага жарашпайт, муну менен алар мыйзам чыгаруучу органдын акыркы кадыр-баркын жоготушат», -деди депутат айым.