10.01.2019 15:33

КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти

КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти. Мындай маалымат федерациянын сайтында жарыяланды. Анда Султановдун кайрылуусу берилген:

«Урматтуу мекендештер! 2019-жыл башталды. Бул жылдын футбол календары ар кандай кызыктуу окуяларга жана чоң иш чараларга толгон. Алардын эң башкысы -биздин кураманын Азия Кубогунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышып жатканы. Бул тарыхый окуяны ишке ашырууга биз көп жыл жан үрөдүк. 

2012-жылы алгачкы ирет КР Футбол федерациясынын президенттигине шайлоого баратып, мен өз санаалаштарым менен бирге биздин кураманы Азия Кубогуна чыгарууну максат кылгам. Бул максатка жетүү үчүн –  балдар жана өспүрүмдөр, кыз-келиндер, массалык футболду өнүктүрүү,  клуб футболунун деңгээлин көтөрүү, кесипкөй адистерди даярдап чыгуу сыяктуу көп иштерди жасаш керек эле.

Төрт жылдык мөөнөттө бул иштерди аткарууга убакыт жеткен жок. Андыктан, 2016-жылы сиздердин колдооңуздар менен мен экинчи мөөнөткө шайландым. Бул убакыт аралыгында аз эмес иштер жасалды, эң башкысы биз өз кыялыбызды – Азия Кубогуна катышуу кыялын орундата алдык. Эми бүгүн минтип биздин команда Азия Кубогу үчүн таймаш талаасында ойноп жатканда абдан жоопкерчиликтүү чечим кабыл алып жатам – мен мөөнөтүмдөн мурун КР Футбол Федерациясынын Президенти кызматын тапшырууну чечтим», -деп жазылат Султановдун кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, Семетей Султанов Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенттигине 2012-жылы 7-декабрда биринчи мөөнөткө шайланган болчу. Анын жетекчилиги астында биздин курама команда кыргыз улуттук футболдун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Атап айтканда, 206 кураманын ичинде дүйнөлүк рейтингде 196-орундан (2012-жыл, июль) 75-орунга (2018-жыл, март)  көтөрүлүп, тарыхый рекорд койгон. 

Учурда Кыргызстан ФИФА рейтинги боюнча Азиядагы эң мыкты командалардын ондугуна кирет. Ал эми, дүйнө боюнча 91-орунда турат. 

Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. 2016-жылы 4 жылга экинчи мөөнөткө шайланган.