20.06.2018 11:19

КР ИИМ башчысы Москвада кыргыз таксист коюп кеткен жарандар менен жолугушту

КР ИИМ башчысы Москвада кыргыз таксист коюп кеткен жарандар менен жолугушту

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 2018-жылдын 16-июнунда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү.

Баарлашуунун жүрүшүндө министр окуяга байланыштуу терең өкүнүү билдирди. «Сиздерге тез арада сакайып чыгууну каалап, өзүңүздөр үчүн ыңгайлуу убакытта Кыргыз Республикасына келип эс алып кетүүгө чакырабыз. Дүйнөдөгү бийик тоолуу көлдөрдүн бири – Ысык-Көлдө сиздер эс алып гана эмес, күч-кубат топтоп, жаңы досторду табасыздар деп ишенем», - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында жабыркаган жарандарды барып көрүп, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну милдеттендирген.