08.05.2020 09:00

Коронавирус: Москва карантиндик чектөөлөрүн майдын аягына чейин узартты

Коронавирус: Москва карантиндик чектөөлөрүн майдын аягына чейин узартты

Россиянын Москва шаарында карантиндин мөөнөтү узартылды. Мэр Сергей Собянин коронавируска байланыштуу азыркы чектөөлөр 31-майга чейин узартылганын жарыялады.

Мэр ресторандар, театрлар, спорттук мекемелерди ачуу азырынча эрте экенин белгилеген.

Ал эми Москва шаарынын ичинде жүргөн унааларга өткөрмө кагаздарды бир жумада эки жолу алууга болот. Медициналык мекемелердин кызматкерлери менен ыктыярчылар күн сайын алышат.

Москванын мэри Сергей Собянин борбордо коронавирус жуккандар расмий статистикада көрсөтүлгөн 93 миң кишиден үч эсе көп, 300 миңге жакын экенин билдирди. Орусия 7-майда акыркы суткада дагы 11 миң адамдан илдет табылганын билдирип, коронавирус эң көп таралган өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыкты. Өлкө боюнча 177 миң киши COVID-19 илдетинен жабыркады.

Алардын арасында ондогон кыргызстандык мигранттар да бар экени айтылууда. Так саны азырынча белгисиз.