10.09.2018 13:58

КР Куралдуу күчтөрү №52870 бөлүктө болгон чатак тууралуу түшүндүрмө берди

КР Куралдуу күчтөрү №52870 бөлүктө болгон чатак тууралуу түшүндүрмө берди

Прапорщикти бычак менен жамбашка сайган капитан кызматынан четтетилип, үй камагына алынды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлер маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 11-августунда №52870 аскер бөлүктө чарбалык иштер учурунда аскер кызматчыларынын ортосунда уруш чыгып, капитан Т.У. ашкана бычагы менен прапорщик М.А.ны сол жамбаш тарапка сайып жиберген. Жабырлануучуга тез арада медициналык жардам көрсөтүлгөн.  

Бул окуя боюнча бөлүктүн жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, материалдар Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Териштирүү иштери жүрүүдө. 

Учурда капитан Т.У.  кызматынан четтетилип, соттун чечими менен үй камагында. Аскер бөлүктүн командири ээлеген кызматынан бошотулуп, бир канча адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Эскерте кетсек, бүгүн ЖМКларда Жалал-Абад облусунда «Илбирс» атайын кызматынын капитаны прапорщикти бычак менен сайганы тууралуу маалымат тараган.