16.05.2019 15:39

«КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Сооронбай Жээнбеков кол койду

«КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди.  Сооронбай Жээнбеков кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттик аппараттан билдиришти. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган. Аталган Мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

«Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган», -деп жазылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.