10.04.2018 10:33

КР жана ТР өлкө башчылары биргелешкен билдирүүгө кол койду

КР жана ТР өлкө башчылары биргелешкен билдирүүгө кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасына расмий визитинин жыйынтыгы менен бүгүн, 9-апрелде биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Тактап айтканда эки тараптуу төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1. Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларга көмөктөшүүнү колдоо  боюнча агенттиги  (ispat) менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандум;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу;

5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Келишим;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда басма сөз жана маалымат тармагында  кызматташуу тууралуу Протокол.