19.12.2019 16:36

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Биринчи май райондук сотунан УКМКнын имаратына көчтү

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Биринчи май райондук сотунан УКМКнын имаратына көчтү

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурумдар эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында өтөт. Бул тууралуу Азаттык үналгысы жазып чыкты.

Тиешелүү чечимди 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарды.

Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 19-декабрда сотко алып келинген жок. Прокурорлор Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун берген. Сот бул сунушту канааттандырды.

Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы төмөн болуп жаткандыктан сотко алып келинген жок. Муну убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери туура түшүнүшүүдө. Сот УКМКнын имаратында болгондо деле анын кан басымы төмөн болсо ал жакта да сотко катыша албайт. Мыйзам боюнча соттук териштирүү учурунда сот отурумун башка жерде өткөрүү каралган эмес, - дейт Жоошев.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында өлкөдөн чыгып кеткен. Анда дарыгерлер ага «курч миелобласттуу лейкоз» (М2-вариант) деген диагноз коюп, Нарында абакта жаткан жеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, ошол эле күнү Россияга кеткен.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ диагнозду жокко чыгарып, фактылар  жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Бул факт боюнча ал убакта жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтык берген эмес. 

2019-жылдын январында Батукаевдин бошотулушу боюнча иш кайра жанданган. Октябрь айында иш сотко өткөрүлгөн.

Бул иште айыпталуучу катары 19 адам өтүп жатат. Алар Батукаевге диагноз коюп берген дарыгерлер жана лаборанттар, ЖАМК өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, алардын арасында мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дагы бар. 

Буга чейин 14 айыпталуучу айып төлөп кутулуп кетишери мүмкүн экени айтылган — алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан. Алардын баары мурун камакка алынган болсо, кийин үй камагына чыгарылып кеткен. 

Мурунку президентти алгач бул иш боюнча күбө катары суракка чакырышкан. Алмазбек Атамбаев суракка баруу анын «экс-президент» макамына туура келбестигин белгилеп, баш тарткан. 8-августта анын Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасалып, Атамбаев УКМКга алынып келинген. Анын макамын күбөдөн шектүүгө өзгөртүп коюшкан.