21.01.2020 09:00

Кримтөтөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс бүгүн уланат

Кримтөтөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс бүгүн уланат

Бүгүн, 21-январда абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум уланат. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратында өтөт. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка караганда, сот негизги айыпталуучу Алмазбек Атамбаевсиз өтөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашкандай, экс-президент соттук отурумдардын акырына чейин четтетилди. Бирок судья мурунку президентти айып угузаарда же тараптардын биринин өтүнүчү менен чакыртылышы мүмкүн экендигин белгилешти.

Эске салсак, мурдараак УКМКнын имаратындагы бөлмө тар болгондуктан соттук процесске катышкандар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышкан. Айыпталуучулардын бири Раимжанов чакан бөлмөдө отуруудан кыйналып жатканы белгиленген. Бирок, адвокаттардын отурумду Биринчи май райондук сотуна которууну жана аны Атамбаевсиз өткөрө берүү өтүнүчүн судья канааттандырган эмес.

Кесепетинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иште айыпталып жаткан дарыгер Абдухалим Раимжановдун ден соолугу кескин начарлап, аны тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Белгилей кетсек, сот адвокаттардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тарткандан кийин мурдагы президент ордунан туруп, жараяндан чыгып кеткен.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтуп жаткан соттук отурумдардын УКМКнын имаратына көчүрүү тууралуу чечим 19-декабрда кабылданган. Буга прокурорлордун өтүнүчү себеп болгон. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иш былтыр 15-октябрында башталган.