17.01.2019 09:49

Криштиану Роналду ракка чалдыккан кыргызстандык кыздын ал-абалын сурады

Криштиану Роналду ракка чалдыккан кыргызстандык кыздын ал-абалын сурады

Футболист Криштиану Роналду Италиянын Турин шаарындагы Королева Маргарита атындагы балдар ооруканасында ракка чалдыккан кыргызстандык кичине кыздын ал-абалын сурады. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагында Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгери Дамира Байзакова билдирди.

«Бул кыргызстандык кыз - Юна, ал сөөк саркомасы менен жабыркап келет. Бактыга жараша, дарылануунун эң оор учуррлары артта калды. Ал бизден химиотерапия алып, жакшы жыйынтык болгон эле, кийин андан ары дарылануу жана операция жасатуу (протез салдыруу) үчүн Турин шаарына кеткен. Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өттү. Баарын төлөп берген Родни Седдонго таазим, ал көп жылдан бери кыргыз балдарга жардам берип келет, ошондой эле, дарыгер Никколо Ротте, биздин балдардын куратору Олександра Вакулага дагы ыраазычылык айтам. Биздин балдарга «Ювентус» командасынын футболисттери келип, ал-абалдарын сурап кетишиптир. Юнага атактуу Криштиану Роналду жана анын жубайы Жорджина Родригес кирип чыгышыптыр. Нурпазылга болсо, Туриндеги полиция кызматкерлери белек беришиптир. Ал дагы жакшы жүрөт», - деп жазган Байзакова.