09.08.2019 12:06

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаеваны кайра суракка чакырышты (жаңыланды)

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаеваны кайра суракка чакырышты (жаңыланды)

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаеваны кайра суракка чакырышты. Бул тууралуу April.kg порталына партиядан билдиришти.

Суракка кирип баратканы тууралуу Жолдубаева өзү дагы Фейсбуктагы баракчасына жазып, бардык суроолор боюнча анын жактоочусу Замир Жоошевге кайрылууну өтүндү.

Буга чейин белгилүү болгондой, экс-президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы операция учурунда спецназ жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча ачылган иште күбө катары өтүп жатканы белгилүү болгон.