27.05.2019 12:56

КСДП: Алмазбек Атамбаев жигердүү саясатта кала берет

КСДП: Алмазбек Атамбаев жигердүү саясатта кала берет

КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева партиянын Саясий кеңешинин чечими жана Алмазбек Атамбаевдин партия лидерлигинен кеткени тууралуу түшүндүрмө берди. 

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев жигердүү саясатта кала берет. 

«Мыйзам боюнча экс-президент мамлекеттик жана саясий кызматтарды ээлебеши керек, бирок Ак үй кошоматчылары саясий ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салууну мыйзамга киргизүүгө батына алышкан жок».

Ошондой эле Жолдубаева:

«КСДПны Алмазбек Атамбаев жаш санаалаштарынын колуна өткөрүп берет. Бирок саясатта ал өзүнүн миссиясын толук аткарып бүтө элек. Андыктан, экс-президенттин мурда айтылган саясий максаттарынан баш тартуу ою жок. Саясий кеңеште дал ушундай деп билдирди»