24.05.2019 15:29

КСДП: Алмазбек Атамбаевди тыңшоо аракеттери буга чейин да болуп келген

КСДП: Алмазбек Атамбаевди тыңшоо аракеттери буга чейин да болуп келген

Бүгүн, 24-майда КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети тууралуу маалымат жыйын өткөрүштү. Ага Фарид Ниязов,  Кундуз Жолдубаева, Адил Турдукуловдор катышты.

«Апрель» фондунун башчысы  Фарид Ниязов  Алмазбек Атамбаевди тыңшоо токтобогондуктан,  ал уюлдук телефон колдонуудан баш тартканын билдирди.

«Биздин телефондорду тыңшап жүргөндөрүн билебиз. Экс-президенттин телефонун тыңшап, андагы сүрөт жана башка маалыматтардын баарын билип турушчу. Андай аракеттер тыйылбагандыктан Алмазбек Атамбаев уюлдук телефон колдонбой калган», - деди Ниязов.

КСДП Төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева экс-президенттин айланасындагы адамдарды вербовка кылуу аракеттери буга чейин да болуп келгенин белгиледи. Айтымында, акыркы аракетти мындан эки ай мурун жасап башташкан. Партия мүчөлөрү бул тууралуу дароо билген менен, конкреттүү далилдерди алуу үчүн күтүүгө туура келген. 

Эскерте кетсек, бүгүн партия өкүлдөрү Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовду тыңшоо үчүн иш бөлмөлөрүнө жабдуу коюу аракети жүргөнүн билдирип, окуянын видео-аудио далилдерин келтиришкен. 

Өзүн УКМК кызматкери деп тааныштырган адам «Форумда» иштеген киши аркылуу экс-президенттин иш бөлмөсүнө ток узарткычтын (удлинитель-ред.) ичине катылган тыңшоочу аппаратты киргизүүгө аракет кылган. Бирок, аракеттери оңунан чыккан эмес.