09.01.2019 14:33

КСДП: Алмазбек Атамбаевдин Индияга болчу сапарынан саясат жасабагыла

КСДП: Алмазбек Атамбаевдин Индияга болчу сапарынан саясат жасабагыла

«Алмазбек Атамбаевдин Индияга боло турган сапарынан саясат жасабагыла». Мындай билдирүүнү КСДПнын маалымат кызматынан таратышты.  

Анда экс-президент 10 күнгө Индияга эмгек өргүүсүнө кетип жатканы айтылган. 

«Социалдык тармактарда экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин Индияга кетип жатканы тууралуу маалымат тарады. Ооба, Алмазбек Шаршенович кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыгып, партиянын иштеринен эс алат.  Ал эми мамлекеттик кызматкер болбогондуктан, ар кандай сапарларга чыгууга укуктуу. Сураныч, мындан саясат жасабагыла», - деп айтылат билдирүүдө.

Экс-президент өлкөгө 21-январда кайтып келет.