КСДП: Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө уюшулуп жаткан иш-чара токтотулду

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
КСДП: Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө уюшулуп жаткан иш-чара токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу бүгүн Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата эч кандай иш-чара болбойт. Бул туурасында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Кагылышууда бир кыргыз чек арачысы каза болуп, ЖМК маалыматтары боюнча, ондон ашык киши жаракат алыптыр. Мындан улам, Саясий кеңеш Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурулуп жаткан концертти өткөрүүнү туура эмес деп эсептейт. Чек арада кырдаал курчуп турганда, майрамдык көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүү жабыркагандарды жана алардын туугандарын сыйлабастыкка жатмак. Ошондуктан, концерт болбой калды, эч кандай иш-чара өтпөйт, ал эми куттуктоолорду Фейсбуктагы "Бүгүнкү СДПК" баракчабызда кабыл алабыз. Сиздердин бардык каалоо-тилектериңизди Алмазбек Шаршеновичке жеткиребиз!", - деп айтылат маалыматта.

КСДП партиясынын дарегине Алмазбек Атамбаевди куттуктаган каттар түшүп баштады. Партия алар кыргызстандыктардан гана эмес, дүйнөнүн чар тарабынан, чет өлкөлүк жарандардан жана уюм.