07.12.2018 12:16

«КСДП- Атамбаевсиз» кыймылынын жыйынында жаңжал чыкты

«КСДП- Атамбаевсиз» кыймылынын жыйынында жаңжал чыкты

«КСДП- Атамбаевсиз» кыймылынын мүчөлөрү менен Апрель баатырлары маалымат жыйында чатакташа кетишти. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчылары билдиришти.  

Бүгүн, 7-декабрда «КСДП - Атамбаевсиз» кыймылы маалымат жыйын уюштуруп, анда журналисттерге  экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу боюнча өз ойлорун айтууга камынган. Ага Апрель революциясынын катышуучулары да келишкен. 

«КСДП - Атамбаевсиз» кыймылы Атамбаев тууралуу айтып баштаганда, Апрель окуясынын баатырлары бул сөздөргө кошулбай тургандыктарын билдиришип, экс-президенттин таламын талашты.

Жыйынга келгендер кыймыл мүчөлөрүнөн партбилет көрсөтүүсүн талап кылышып, бир катышуучу Сагынбек Абдрахмановду «Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин акчасын ордуна коюп кой» деп уяткарды.  

Белгилей кетсек, «КСДП - Атамбаевсиз» кыймылын КСДПдан чыгарылган Сагынбек Абдрахманов жетектейт.