04.02.2019 14:01

КСДП: «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын уланып жаткан жыйындары легитимдүү эмес

КСДП: «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын уланып жаткан жыйындары легитимдүү эмес

КСДП Катчылыгы «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөрүп жаткан жыйындардын легитимдүү эмес экенин дагы бир ирет эскертет.  Бул туурасында партиянын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Буга далил катары аталган кыймылдын Бишкек шаарында 2-февралда өткөн чогулушу келтирилген. Маалыматка караганда ал чогулушка «Социал-демократтар партиясына эч тиешеси жок адамдар катышкан».

«Бишкек шаардык партия жыйыны» деп аталган бул конференцияга көбүнесе «Дордой» соода-көңүл ачуу жайынын кызматкерлери келген. Жана алардын «шаар координатору» катары Ырысбек Мааткабыловду тандап алышы мыйзам ченемдүү көрүнүш», -деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, Катчылыктан Мааткабылов 2014-жылдын декабрында өз эрки менен партиянын катарынан чыгуу арызын жазганын, 2015-жылдын январында КСДП Саясий кеңеши арызды канааттандырганын  билдиришти.

Ал өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» партиясынын атынан депутаттыкка ат салышкан.  

«Мындан улам, КСДПнын Бишкек шаардык партия уюмунун мыйзамдуу координатору катары Ирина Карамушкина эсептелээрин эскертебиз. Партиянын шаардагы мыйзамдуу жыйыны мартта өтөт. Анда 2019-жылдын 6-апрелине белгиленген КСДП съездине катышуучулар шайланат»,- деп билдиришти КСДП Катчылыгынан.