КСДП: бийлик «күзгү төңкөрүш» жөнүндө таратылып жаткан имиштерге түшүндүрмө бербей жатат
«Бийлик «күзгү төңкөрүш» жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан имиштер жана ушак-айыңдар тууралуу түшүндүрмө бербей жатат жана муну менен айрым мамлекеттик органдар чагымчыларга кырдаалды курчутуп, экс-президент А. Атамбаевдин атын жаманатты кылууга жол беришүүдө»,- деп билдирди КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.
Өкүлдүн айтымында, көп адамдар абалдын чоо жайына түшүндүрмө сурап партияга кайрылып жатышат. «Атамбаев тарабынан даярдалып, алтургай, каржыланып аткан коомдук башаламандыктар жана мамлекеттик төңкөрүш туурасындагы карандай калп имиштер акыркы айларда максаттуу түрдө жарыяланып жатат. ЖМКнын жана интернет-сайттардын аталыштарына, ошондой эле социалдык тармактардагы аккаунттардын ысымдарына назар салсак, мындай имиштерди таратуу кимдер үчүн пайдалуу болуп жатканын түшүнүү кыйын эмес. Тийиштүү мамлекеттик органдардын мындай чагымчылыкка таптакыр ак же көк дебей турганынан улам, мында бийлик башында отурган айрым адамдардын кай бир даражада кызыктарлыгы бардай таасир калтырат», -дейт партия өкүлү.
Мындан улам, партия өзүнүн чыныгы кайрылуусун жасаганга аргасыз болуп отурат.
«Аталган имиштер менен ушак-айыңдар логикадан да, кадыресе акыл-эстүүлүктөн да таптакыр куржалак экени ачык көрүнүп турат. Өткөн жылы бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү дал Атамбаев камсыз кылбады беле. Кыргызстандагы туруктуулук да так Атамбаев президенттик кылып турган учурда орногон. Атамбаев өзүнүн 6 жылдык президенттигин так ошол элдин митингдерге чыгуусуна эч кандай себеп жагдайлар болбосу үчүн арнаган», -дейт Жолдубаева.
Анын айтымында, 2018-жылдын 31-мартындагы КСДПнын съездинде Алмазбек Шаршенович мурдакы өлкө башчысы жана дос катары Сооронбай Жээнбековго өз кеңештерин айткан эле.
«Андан берки беш айдын ичинде экс-Президент ЖМКга бир да жолу маек курган эмес, ошондой эле жарандардын өтүнүчүнө карабай, ар кандай ушак-айың кептерге жана имиштерге себеп жаратпаш үчүн эл менен жолугушуудан жана аймактарды кыдыруудан принципиалдуу түрдө баш тарткан. Өткөн ушул беш айдан бери бийликке жакын ЖМКлар жана блоггерлер А. Атамбаевге жана анын санаалаштарына «тонналаган» ыпластыкты аянбай куюп жатышат», -деп жазылат кайрылууда.
Ошондой эле, «Акыл-эске сыйбаган имиштер менен ушактардын авторлору өлкөдө А.Атамбаевдин эч кандай катышуусу жок эле бийликтин өзүнүн алысты көрө албаган саясатынан, саясий оппоненттерди куугунтуктоосунан, шектүү кадрлык чечимдерден, экономикалык чабал саясатынан улам эл ичинде нараазычылык маанайы жаралып жатканын көрбөй турушат. Бул адамдар баарын оору баштан соо башка оодара салганга умтулбай, имиштерди таратуунун ордуна элдин биримдигин чыңдоо жана экономиканы көтөрүү сыяктуу реалдуу иштер менен алектенсе болмок. Анүстүнө, акыркы айларда аталган эки багытта тең кооптуу белгилер байкалууда. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы 2005- жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги ыңкылаптарга оппозиция эмес, адилетсиз, ачкөз жана кайрымы жок бийлик, өлкөдө үй-бүлөлүк кландык башкарууну орнотуу себепкер болгон», - деп белгиледи К.Жолдубаева.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: