02.10.2019 15:04

КСДП бийликтен «Азаттыктын» кабарчыларына куугунтук уюштурууну токтотууну талап кылат

КСДП бийликтен «Азаттыктын» кабарчыларына куугунтук уюштурууну токтотууну талап кылат

КСДП «Азаттыктын» операторуна кол салуу боюнча нааразычылыгын билдирет жана муну сөз эркиндигине жасалып жаткан чабуулдун уландысы катары эсептейт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.   

КСДП бийликтен жабыркаган оператор Айбек Кулчуманов менен журналист Ыдырыс Исаковдун дарегине куугунтуктоо сөздөрдү токтотууну талап кылат. 

Текстти толугу менен сунуштайбыз:

«Окуя болгон күндөн бери өлкөдөгү бир дагы саясий партия, бир дагы ЖК комитети өзүнүн бул жагдайга тынчсыздануусун билдирген жок. Төрага Дастан Жумабеков болсо, эбак эле «Матраимовдор эмге кызмат кылып жатат» деп жар салган. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында: «Матраимовдор боюнча көтөрүлгөн хайпка журналисттер жооп бериши керек». Өлкөнүн бардык саясий «элитасы» учурда кабарчыларга куугунтук болуп жатканын айтып чыкмак турсун, Матраимовдор тойго чакырса, кайра барып келсе керек. 

«Саясий элитанын» көпчүлүк мүчөлөрү үчүн Кара-Суу базарына бажы төлөмдөрүсүз товар алып өтүү, же коррупциялык байланыштар абийир менен намыстан да маанилүүрөөк болушу мүмкүн. Эскерте кетсек, «Азаттыктын» материалдары боюнча бул жыл өлкөдө ички дүң продуктунун өскөнүнө карабай, бажы жана салык төлөмдөрүн чогултуу түшүп кеткен биринчи жыл болуп калды. Мындай абал Кыргызстан тарыхында биринчи жолу болуп жатат. 

КСДП Катчылыгы бул кырдаал Матраимов-Жээнбековдор кланынын өлкөнү басып алуу планынын бир бөлүгү экенин белгилейт. 

Болжол менен жарым жыл мурун Райым Матраимов өзүнүн видео кайрылуусунда Алмазбек Атамбаев менен күрөшүүгө күчү жетерин айтып, опуза жасады эле. Бүгүн Алмазбек Атамбаев камакта, «Апрель» телеканалы менен биздин саясий партиянын кеңсеси мыйзамсыз жабылды. Ал тургай, КСДП партиясын баскынчылык жол менен тартып алуу аракеттери көрүлүүдө. 

«Райым-миллионду» кызматтан бошотуу тууралуу буйрук чыгарган премьер-министр Сапар Исаков, ал иштеп турганда Ош бажысындагы жыйноолор 10 эсеге өскөн Кубанычбек Кулматов бир жылдан ашык убакыттан бери ойдон чыгарылган иш боюнча УКМКнын Тергөө абагында отурушат. Анын себеби, Алмазбек Атамбаев айткандай, Сооронбай Жээнбековдо. Ош облусунун мурунку губернатору Жээнбеков өз кишиси «Райым-миллиондун» кылын кыйшайтууга жол бербейт. 

Болуп өткөн чабуул жана Атамбаевдин чагылгандай тездик менен мыйзамсыз камалышы, бийликтин алдыдагы жүрүм-туруму кандай болоорунан толук ишеним берет. Бийлик алмашкандан кийин Матраимовдордун «коргоочуларын» сот күтүп тураарын билген бийлик аны болтурбоого болгон күчүн жумшайт. 

Дал ошон үчүн «Азаттык» радиосун коргоо маанилүү. Дал ошол үчүн «Апрель» телеканалын коргоону талап кылып жатабыз. 

Андан тышкары, Каржы полициясы бир нече ай мурун «Азаттыкта» айтылган кандайдыр бир шек жараткан келишимдер боюнча Кыргызстандан 650 млн. доллар акча чыгарылып кеткен фактыны тастыктады. Буга Матраимовдор кланынын тиешеси болушу мүмкүн. Бирок бул иш боюнча башка маалымат берилген жок. Биз коомчулукка бул иш боюнча маалымат берип, иликтөөнү жандантууну талап кылабыз.  

КСДП сөз эркиндигин өлкөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөр менен бирге коргоо ниетинде», -деп жазылат кайрылууда.