08.02.2019 15:47

КСДП: Дамир Мусакеев эч негизсиз шектелүүдө

КСДП: Дамир Мусакеев эч негизсиз шектелүүдө

УКМКнын 9-кызматынын мурунку жетекчиси Дамир Мусакеевди кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп негизсиз шектеп жатышат. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармакта жазып чыкты.

«Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаевди Бириккен Араб Эмираттарына болгон жеке сапарында коштоп барган. Кечээ күнү аны аскердик прокуратурага суракка чакырышты. Кечинде Биринчи май райондук соту бөгөт коюу чарасын карап – башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу чечимин чыгарды. Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө. Кылмыш иши мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак-жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат. Баса белгилей кетчү жагдай, бир дагы кызматтык батир менчиктелген эмес. Демек, мамлекетке эч кандай материалдык доо кеткен жок. Биздин юристтердин айтымында Дамир Мусакеевге коюлуп жаткан доо юридикалык жактан алып караганда - келечеги жок. Ошондуктан биз бул иш саясый өӊүттө болуп жатат дейт элек. Бардыгына оркоюп эле көрүнүп калды, экс-президентти сатпай, Форумдан кетпей, Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын жок кылуу буйрутмасы иш жүзүнө ашып жатат!», -деди расмий өкүл.