28.08.2018 17:10

КСДП депутаты кылмыштуу топтун мүчөсүнө бычак сайды

КСДП депутаты кылмыштуу топтун мүчөсүнө бычак сайды

Өткөн жекшемби күнү, 26-августта, Токмок шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутаты Тынай Жансейитов 36 жаштагы Талантбек Жумагуловду бычак менен сайган. Бул туурасында Жумагулов өзү билдирди, деп жазат kaktus.media.

Жабырлануучунун айтымында, окуя эртең менен саат 8де мал базарда болгон. «Биз шаршемби күнү куран окуталы деп мал алганы базарга келгенбиз. Ал жактан Жансейитов мени тымызын бычак менен сайды», - деп билдирген Жумагулов 24.kg. агенттигине

Жумагуловдун айтымына, Жансейитов экөө бир айылдан жана мурдатан эле үй-бүлөлөрү чатакташып келген. «Кылмыш иши ачылганына карабай, аны басып коюу аракеттери көрүлүүдө. Анын туугандары шаарда кадыр-барктуу адамдар, андыктан, менин үй-бүлөмдү коркутуп жатышат», - деди жаран. 

Анын абалы орто оордукта деп бааланууда. Токмок РИИБинен базардагы чатакты ырасташты. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. 

Укук коргоо түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, Kaktus.media чатактын чыгышына себеп болуучу жагдайларды ачыктады. 

Маалыматта: «Былтыр президенттик кампаниянын башталышынын алдында КСДПнын мүчөсү Тынай Жансейитов Сооронбай Жээнбековдун тарапташы катары чыккан. Ал эми, Талантбек Жумагулов Токмокто Өмүрбек Бабанов үчун чуркаган. Биринчи уруш мына ушунун негизинде чыккан. Былтыркы жылдын жай айынын аягында Талантбек Жумагулов өзүнүн достору менен Тынай Жансейитовдун  жашаган үйүн талоонго алган. Колго түшүп калып, иш сотко чейин жеткен, бирок Жумагулов кандайдыр-бир жолдор менен жоопкерчиликтен кутулуп, шарттуу түрдө кесилген. Булактын маалыматына караганда, Жумагулов Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. 

Өткөн жекшемби күнү, 24-августта, Жумагулов менен Жансейитов капысынан Токмоктун мал базарынан жолугуп калышкан. Ортолорунда мушташ чыгып кетип, Жансейитов утулуп баратканда, бычак ала калып,  Жумагуловду курсак тушка сайып жиберген. Күч түзүмдөрүндөгү булак ошондой эле, Тынай Жансейитовдун Жумагуловду жаман көрүшүнө дагы бир себеп болгонун билдирген. Өткөн жылы Жумагулов өз кишилери менен Жансейитовдун жакын досун шаардан алыс алып барып, опузалап, колуна ок карматышкан. Ал киши үйүнө келип, муунуп өлөөрдө туугандары куткарып калган», -деп маалымдалат.

Ошондой эле, башында Жумагулов Талантбек криминалдуу принциптерге таянып, арыз жазуудан баш тартып жатканы, кийинчерээк гана ЖМКларда чыккан макалалардан кийин оюн өзгөрткөнү айтылат.