18.06.2019 15:49

КСДП: Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депкомиссия Конституцияны бузуп жатат

КСДП: Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депкомиссия Конституцияны бузуп жатат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия Конституцияны бузуу менен иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда маалымат жыйынында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, юрист Нурбек Касымбеков билдирди.

Ал депутаттар Баш мыйзамдын кайсы беренелерин бузуу менен иш алып барып жатканын санап берди:

«1.Баш мыйзамдын 28-беренеси  бузулуп жатат.  Ага ылайык, адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.  

Атамбаев экс-президент макамын 2017-жылдын 24-ноябрында «КР Президентинин ишмердүүлүгүн кепилдиктери»  Мыйзамы күчүндө турган убакта алган, ал кезде мыйзамда экс-президентти жоопко тартууга болоору тууралуу берене жок болчу. 

Парламент 2019-жылы 4-апрелде бул Мыйзамга өзгөртүү киргизип, анын негизинде экс-президентти макамынан ажыраткандан кийин жоопко тартууга мүмкүн болуп калган. Бул оңдоп-түзөтүүлөр 2019-жылдын 27-майында күчүнө кирген. Андан улам, бул түзөтүү Баш мыйзамдын  28-беренесине ылайык, өткөн мезгилге эмес, келечектеги убакка карата гана иштеш керек. 

2. Жогорку Кеңеш тарабынан экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун тартиби жана жол-жобосу жок. 

Жогорку Кеңештин укуктарын иш жүзүнө ашыруунун тартиби менен жол-жобосу «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» Мыйзамында  көрсөтүлгөн. Бул Регламентте Жогорку Кеңеш экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууда кандай тартипте, кандай жол-жобо менен иш алып барыш керектиги көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш экс-президентти макамынан ажыратып коюу укугуна ээ. Бирок, бул укукту ишке ашыруунун тартиби жана жол-жобосу «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» Мыйзамда аныкталышы керек. 

Депутаттар экс-президентке карата КР Президентин кызматынан бошотуу процедурасын колдонуп жатышат. Бирок, бул процедураны экс-президентке карата колдонсо болот деген тиешелүү ченемдик акт жок. 

3. «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айып тагуу үчүн кылмыштын белгилери конкреттүү көрсөтүлүшү керек жана экс-президенттин бул кылмышка катыштыгы бар экенине жүйөө келтирилиши керек. Сунуштамага кол койгон депутат өз колун кайра чакыртып албагандай болушу керек.

Бирок азыркыга чейин айып тагуу тууралуу сунуштамага кайсы депутаттар кол койгону жана кылмыш белгилери боюнча кандай конкреттүү көрсөтмөлөр бар экени тууралуу эч нерсе белгисиз. 

4. Жогорку Кеңештин атайын комиссия түзүү боюнча токтомунун юридикалык күчү жок, анткени ал КР Мамлекеттик нормативдик-укуктук актылар реестрине киргизилген эмес.

5. «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» Мыйзамдын 33-беренесине ылайык, кызыкчылыктар кагылышуусу болгон учурда депутаттар комиссия курамына кирбеши керек.

Бирок учурдагы комиссияга Атамбаевге өчү бар Талант Мамытов, Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев жана Канатбек Исаев кирген», - деди Касымбеков.