18.12.2018 11:30

КСДП: Фракциянын Асель Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алуу чечими - жараксыз

КСДП: Фракциянын Асель Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алуу чечими - жараксыз

КСДП фракциясынын Асель Кодуранованы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан чакыртып алуу боюнча отуруму фракциянын регламентин жана жоболорун одоно бузуу менен өттү. Бул туурасында КСДПнын катчылыгы маалымдады.

Маалыматта фракция боюнча кесиптештери вице-спикерди Регламентти бузду деп айыпташканы чындыкка дал келбей турганы айтылат.  Регламенттин 78-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин отурумунда төрагалык кылуучу отурумдун күн тартибине маселени кошуу же алып салууну депутаттардын добушуна коюшу керек.

Эскерте кетсек, 12-декабрда «Республика –Ата-Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабировдун сунушунан улам  — вице-спикер Асель Кодуранова күн тартибине экс-депутат Өмүрбек Бабановдун иши боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну кошкон.  

Вице-спикер Асель Кодуранованын иш-аракети Жогорку Кеңештин Регламенти тууралуу мыйзамга ылайык жүрүп, эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.

Тескерисинче, депутат Иса Өмүркуловдун жогоруда айтылган уятсыз иш-аракеттери КСДП фракциясынын Асель Кодуранованы төраганын орун басары кызматынан мыйзамсыз, саясий жүйөлөрү бар чечим менен чакыртып алышына алып келген. Маселени кароодо бир катар мыйзам бузуулар орун алган.

Фракциянын отуруму күтүүсүздөн, 14-декабрь күнү саат 14:00гө чакыртылган. Отурумга 14 гана депутат катышкан. Кворум болуш үчүн жок дегенде 19 депутат катышыш керек эле. 

Регламенттин мындан башка да талаптары бузулган. Мыйзам боюнча депутат өз фракциясынын лидерине же депутатына ал үчүн добуш берип коюу укугун өткөрүп бере алат. Ал адамдар өз кезегинде экиден ашык адам үчүн  добуш бере алышпайт. Добуш берүү укугун өткөрүп берүү депутаттык бланкка жазылып, анда депутаттын катыша албаганынын себеби, канча убакытка берилип жатканы, ошондой эле, Регламенттин 86-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, добушту кантип колдонуу керектиги көрсөтүлөт. Мына ушул талаптардын баары аткарылган эмес. 

Регламенттин 43-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, отурумдун күн тартибине коюлган маселелер боюнча материалдар Жогорку Кеңештин отурумуна 3 күн калгандан кечиктирилбей берилиши керек. Буга ылайык, фракциянын отурумунун күн тартиби жана күн тартибиндеги маселелер боюнча материалдар депутаттарга фракциянын отурумуна 3 күн калгандан кечиктирилбей, тактап айтканда, 11-декабрга чейин берилиши керек эле. Бул жерде да мыйзам бузуу болгону көрүнүп турат.

КСДП фракциясынын жобосу боюнча, жыйын кайда жана канчада болоору тууралуу фракция мүчөлөрүнө алдын ала кабар берилиши керек эле. Бирок, фракциянын көпчүлүк депутаттары отурум тууралуу такыр билген эмес. 

Мындай жол менен, Регламенттин жана КСДП парламенттик фракциясынын жобосунун талаптарын сактабаган фракция чечими - жараксыз. Регламенттин 3-беренесине ылайык, Төраганын орун басарларын шайлоо жана аларды чакыртып алуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу. Буга ылайык, төраганын орун басарын чакыртып алуу маселеси алгач Жогорку  Кеңештин тиешелүү комитетинде каралып, андан кийин гана палатанын кароосуна чыгарылышы керек.