06.04.2019 14:42

КСДП Ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине кайрылуу жолдоду

КСДП Ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматкерлерине,  аскер кызматкерлерине кайрылуу жолдоду

КСДП өзүнүн бүгүнкү съездинде Ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине кайрылуу жолдоду.

«Биз, КСДПнын 18-съездинин делегаттары, укук коргоо органдары жана бүткүл мамлекеттик система тарабынан өлкөнүн мыйзамдарын жана Конституциясын бузуунун күбөлөрү болдук. Бизге партиялык конференцияларга жана съезддин ишине катышууга тоскоол жаратышты. Артыбыздан аңдып, чагымдарды уюштурушту. Жумуштан бошотобуз дешип коркутушуп, үй-бүлө мүчөлөрүнө кысым көрсөтүштү. КСДПнын катардагы айрым мүчөлөрүнө ойдон чыгарылган жагдайлар боюнча кылмыш иштери козголду. 

Биз сиздерден элдин жана Ата журттун алдында парзыңыздарды акыйкаттуулук менен аткарууну талап кылабыз! КСДПнын учурдагы Төрагасы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда сиздер эл алдындагы парзыңыздарды ак ниеттүүлүк менен аткарууңуздар үчүн колдон келгендин баары жасалган: айлык акылар дайыма көтөрүлүп турган, жаңы чек ара тозоттору жана аскер шаарчалары курулган, техника жана жабдуулар жаңыланган, сиздер жана сиздердин үй-бүлөңүздөр үчүн ондогон заманбап, көп батирлүү үйлөр курулган. Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийлик сиздерди алдыга коюп, мыйзам бузууга түрткөн эмес. Бардык партиялар өзүлөрүнүн съезддерин, конференцияларын жана башка иш-чараларын өлкөнүн кайсы аймагында же шаарында болбосун, эркин өткөрүшкөн. Алмазбек Атамбаевдин тушунда эл сиздерге таш ыргыткан эмес, кубулма погончондор деп аташкан эмес. Алмазбек Атамбаевдин тушунда укук коргоо органдарында кызмат өтөө кадыр-барктуу жана ардактуу ишке айланган.

Биз сиздерди Кыргызстандын элине кызмат кылабыз деп берген антыңыздарды эч качан унутпоого чакырабыз! Өзүңүздөрдү өз элиңиздерге каршы курал катары колдонууга жол бербеңиздер! Кылмыштуу буйруктар жана иш-аракеттер үчүн эртедир-кечтир баарыңыздар жооп берүүгө туура келерин унутпаңыздар», -деп айтылат кайрылууда.