27.01.2020 17:36

КСДП: Кой-Таш окуясынын анык күнөөлүүлөрү - бийлик адамдары

КСДП: Кой-Таш окуясынын анык күнөөлүүлөрү - бийлик адамдары

Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандар мекеме аралык тергөө тобун айыптаган билдирүү таратышты.

Анда тергөө тобу 24-январда токтом кабыл алып, кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга берилген убакытты 1-февралга чейин деп чектеп койгону мыйзам бузуу экени айтылат.

Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, жалпысынан 10 киши кол койгон билдирүүнүн сүрөтү Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыяланды.

Анда мыйзам боюнча материалдар менен таанышууга июнь айына чейин убакыт бар экени, тергөө бир тараптуу жүрүп жатканы, Кой-Таш окуясы үчүн бийлик күнөөлүү экени жана Ички иштер министрлиги мыйзам бузуп жатканы айтылат.

Ички иштер министрлиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.

ИИМдин маалыматына караганда «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Калайман башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу», «Ок атуучу куралды уурдоо же опузалап тартып алуу», «Тергөөгө каршылык көрсөтүү», «Адамды кооптуу абалда калтыруу» жана «Адамдын ден соолугуна зыян келтирүү» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 киши кылмышка шек саналууда.