26.04.2019 15:06

Кой-Ташта өткөн митингди Келдибековдун телеканалынын кызматкери жетектеген (видео)

Кой-Ташта өткөн митингди Келдибековдун телеканалынын кызматкери жетектеген (видео)

Аламүдүн районунун жогорку айылдарынын тургундары бийликтин аракеттерине нааразы. Бүгүн жашоочулар айылдын борборуна чогулуп, чакан митинг өткөрүштү. Бул туурасында КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, тургундар бийликтен, тактап айтканда, жеке Сооронбай Жээнбековдон элдин тынчын алып, экиге бөлгөндү токтотууну талап кылышты.

«Кой-Таш жана Арашан айылынын жашоочулары бул дагы кайталана турган болсо, Ак үйгө чейин, керек болсо, Ысык-Атадагы Сооронбай Жээнбековдун фермасына чейин бара тургандарын эскертишти. Алар Алмазбек Атамбаев өз ата-бабаларынын жеринде жашап жатат жана буга толук укугу бар деп эсептешет», -деп билдирди Жолдубаева.

Ошондой эле, ал акция атайын уюштурулган деген оюн билдирди. «Бул - атайын уюштурулган акция. Келгендер ал жакта ашып кетсе, 10 мүнөт турушту. Байкоо камерасы аркылуу биз бул адамдарды тааныдык. Митингдин уюштуруучуларынын бири Урмат деген бирөө, ал Акматбек Келдибековго таандык «Nur TV» телеканалында иштейт. Дагы бир нарындык аялды тааныдык. Аны «ОБОН» деп атап коюшат», -деди Жолдубаева.

Эскерте кетсек, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанында кезектеги чагымчыл иш-аракеттер орун алган. Унаа менен келип түшүп калган 5-6 адам жол жээктей плакаттарды көтөрүп басышкан. Атамбаевди үйүнөн кубалап жиберүү талабы менен камерага сүйлөшкөн. 10 мүнөткө жетип-жетпей тарап кетишкен.