06.04.2019 15:05

КСДП: Күчтүү парламенттик республика-бир эл-бакубат Кыргызстан

КСДП: Күчтүү парламенттик республика-бир эл-бакубат Кыргызстан

Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын 18-съезди болуп өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген жүз сексенге жакын делегаттар катышты. Саат 10:00дө башталган съезд 3 саатка жакын убакытка созулуп, жабык эшик артында өттү. 

Съездде КСДП өзүнүн жаңыланган багытын жарыялады. Ал - «Күчтүү парламенттик республика - бир эл - бакубат Кыргызстан» деп аталат. Ошондой эле, съездин жүрүшүндө «Өлкөдөгү учурдагы кырдаал жана партиянын кечиктирилгис милдеттери жөнүндө» резолюция кабыл алышты. 

Төмөндө текстти толугу менен беребиз:

«Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын 18-съезди жөн гана 2010-жылдагы апрель революциясынын кезектеги жылдыгынын алдында өтүп жаткан жок. Өзүнүн 25 жылдык маарекесине КСДП, ошондой эле Кыргызстандын бүткүл коомчулугу жана жалпысынан биздин өлкө чечкиндүү тандоо жасай турган тарыхый учурга келип жетти.

Кыргызстан өзүнүн суверендүү мамлекет катары калыптануусунда үч этапты басып өттү. 1990–жылдан 1995-жылга чейинки биринчиси учурдагы заманбап, демократиялык коомго карай жолдогу алгачкы реформалардын этабы болду. Андан соң, демократиянын негизги принциптеринен баш тартуунун, элдик бийликтин үй-бүлөлүк –кландык башкарууга алмашуусунун кесепетинде Кыргыз Республикасы системалык кризистин он беш жылдык мезгилине кирди. Бул экинчи этап кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүн гана басаңдатпай, аны кыйроо чегине жеткирип, жок болуп кетүү коркунучуна кептеди.    

Элдин 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдан 7-апрелинде эки жолу кайталанган көтөрүлүшүнөн кийин гана Кыргызстан ондогон баатырлардын өмүрүнүн куну менен кайрадан цивилизациялуу өнүгүү жолуна түштү. Суверендүү мамлекеттин калыптанышынын 2010-2017 – жылдардагы үчүнчү этабы туруктуулуктун жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайрадан калыбына келтирилген мезгили болуп калды. Кыргыз Республикасынын  Президенти  Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы беш жылдык мөөнөткө кабыл алынды жана анын кыйла дымактуу экенине карабай, стратегиянын негизги жоболору ийгиликтүү ишке ашырылды.    

Натыйжада А.Ш. Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аякташына эл менен мамлекеттик бийликтин биргелешкен күч аракети, биздин партиянын жана коомдогу башка прогрессивдүү күчтөрдүн активдүү катышуусу менен Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна чыгаруу боюнча жетишерлик шарттар даярдалды.

 Бул жолдогу негизги багыттар жана өңүттөр 2040 –жылга карата узак мөөнөттүү стратегиянын долбоорунда аныкталган. Алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн Кыргызстан экономикадагы, экологиядагы, маданий чөйрөдөгү, билим берүүдөгү, саламаттыкты сактоодогу, адам укугун коргоо жаатындагы маанилүү өнүгүү долбоорлорун ишке ашыруусу, сот жана укук коргоо системаларындагы реформаларды аягына чыгаруусу, мамлекеттик курулуштун бышып жетилген маселелерин чечүүгө тийиш. Анын ичинде, биздин улуттук тажрыйбаны жана өзгөчөлүктү эске алуу менен башкаруунун классикалык парламенттик формасына өтүүнү аягына чыгарышы керек. 

Биз үй-бүлөлүк – кландык режимдерди кайтарууга, Кыргызстанда бир адамдын же топтордун бийлигин орнотуу аракеттерине  мүмкүнчүлүк бербеген системаны түзүшүбүз керек. Кыргызстандагы акыркы жылдардагы жетишкендиктер өлкөгө туруктуулук алып келди жана парламенттик системага өтүүгө киришүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.

Бирок бүгүн биз бул стратегиялык багыттан артка кетүүнү байкап жатабыз. Биздеги бийликти эң алгачкы жолу конституциялык жол менен алмаштыргандан бир жарым жыл өткөн соң, биз мамлекеттик машинанын, тактап айтканда, ошол адамдар, анын ичинде, биздин партия мамлекеттик кызматтарга көрсөткөн, биздин партиянын идеяларын туу тутабыз, алардын катышуусу менен иштелип чыккан жана өнүгүү стратегиясын ишке ашырабыз дешкен  КСДПнын өкүлдөрү да айткан максаттарын аткармак тургай, аларды экономика да, социалдык да, башка чөйрөдө да аткаруу колдорунан келбей турганын көрсөтүшүүдө.

Реформаларды жүргүзүүнүн, өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун ордуна “коррупция менен күрөшүү” деген куру кыйкырык ураандын астында адамдардын бир тобунун кызыкчылыгын көздөгөн бийликти эптеп бекемдөө, үй-бүлөлүк – кландык режимди калыбына келтирүү, саясый оппоненттерди жана башка мүмкүн болгон атаандаштарды куугунтуктоо аракеттери жүрүүдө.

Бийликтин аракети менен КСДП оппозициялык талаага сүрүлүп чыгарылууда. Ошондой эле партияны рейдерлик жол менен тартып алуу аракеттери жүрүүдө, КСДПнын катарын бузуп жаруу максатында чагымчылыктар уюштурулууда. Биздин активисттерди коркутуп –үркүтүшүүдө. КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясы партиянын жетекчилиги менен мамлекеттик бийликтин ортосундагы байланыштыруучу чынжырдын ролун аткарууну токтотту. КСДПнын 18-съездинин алдынан Кыргызстандын коомчулугу биздин партиянын активисттерине карата укук коргоо органдары тарабынан съездди өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратуу максатында жасалган масштабдуу кысымга күбө болушту.  

Бирок, жүргүзүлүп жаткан кысымдар жана чагымдар КСДП үчүн бириктирүүчү фактор болуп калды. Партия уйгактардан жана кокустан кирип калган адамдардан тазаланууда. КСДПнын катарына жаңы күчтөр кошулууда, партиянын демократияга  жана акыйкаттуулукка умтулган мурдакы мүчөлөрүнүн бир бөлүгү кайра кайтып келишүүдө.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, ошондой эле социал – демократиянын идеалдарына жана принциптерине ылайык, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын жана партиянын программалык максаттарын жетекчиликке алып, Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын 18-съезди чечим кылат:

1. КСДПнын  Кыргызстанды өнүктүрүүнүн мурда жарыяланган стратегиялык багытынан артка кетүүнү көрсөтүп жаткан, үй-бүлолүк –кландык башкаруунун көрүнүштөрүнө жол берген жана саясый оппоненттерди куугунтуктоону кеңири жайылткан учурдагы режимге карата расмий түрдө  оппозицияга өткөнү жарыялансын.

2. КСДПнын мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргызстандын башка партияларына, коомчулуктун өкүлдөрүнө томөнкүлөр боюнча биргелешкен активдүү кадамдарды иштеп чыгуу сунушталсын:

- үй-бүлөлүк – кландык башкарууну кайтарууга жол бербеген, Кыргызстанда бир адамдын же адамдардын тобунун бийлигин орнотууну жокко чыгарган системаны түзүү;

- Биздин улуттук тажрыйбаны жана өзгөчөлүктүү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын классикалык парламенттик башкаруу формасы бар башка мамлекеттердин катарына өткөрүүнү, мамлекеттин натыйжалуулугунун бийик деңгээлин жана өз жарандарынын алдындагы жоопкерчилигин камсыздоого мүмкүнчүлүк берген системаны түзүү;

3. КСДПнын маанилүү милдети болуп, партиянын жана партиянын активисттеринин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү милдеттерин ишке ашырууга активдүү катышуусу эсептелсин.

КСДПнын Саясый кеңешине эксперттик коомчулук менен бирге 2019–жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2040–жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиясынын кемчиликтерин четтеттүү боюнча тийиштүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылсын. Мында өзгөчө Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө, мамлекеттин светтик мүнөзүнө басым жасоого, маданиятты өнүктүрүүго, мамлекеттик түзүлүш системасын жакшыртууга, мамлекеттин укуктук негизин бекемдөөгө, мамлекеттик органдардын ишинде адам укугуна артыкчылык берүүнү орнотууга багытталган жоболор бөлүгүн күчөтүүгө көңүл бурулсун.

4. Партиянын Саясый кеңешине партиялык курулушту жакшыртуу, партиянын борбордук органдары жана парттиянын жер-жерлердеги мүчөлөрүнүн, аймактык партиялык уюмдардын ортосундагы байланыштын алсызданышына  алып келген кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылсын. Анын ичинде: 

- аймактык партиялык уюмдарга жардам көрсөтүү боюнча чаралардын комплекси иштеп чыгылсын;

 -партиялык окууну өткөрүү практикасы кайра жандандырылсын жана жакшыртылсын, айрыкча аймактык партиялык уюмдар үчүн КСДПнын партиялык мектеби жөнүндө жобо иштелип чыгылсын;

- партиялык кадрлардын иштиктүү резерви түзүлсүн;

- партиянын Уставынын жаңыредакциясы иштелип чыгылсын жана партиянын кийинки съездине даяр болсун;

-белгилүү ыйгарым укуктарды берүү менен туруктуу иш алып барган координациялык орган катары партиянын Саясый кеңештин алдындагы Туруктуу комитети түзүлсүн;

- КСДПнын партиялык ишмердүулуктүн багыттары боюнча комитеттери жана кеңештери түзүлсүн жана партиянын Уставынын алкагында алардын милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чөйрөсү аныкталсын.

5. «КСДПнын жаңыртылган курсу: Күчтүү парламенттик республика – Бир эл – Бакубат Кыргызстан» программалык документин иштеп чыгуу жөнүдөгү сунуш жактырылсын, тийиштүү долбоорду КСДПнын кийинки съездине киргизү партиянын Саясый кеңешине тапшырылсын».