21.02.2019 14:29

КСДП массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрөт

КСДП массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрөт

КСДП эртең, 21-февралда өз кеңсесинде ЖМКлар үчүн брифинг өткөрөт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 21-февралда кезектеги 18-съездге даярдыктын алкагында КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялык ишмердүүлүктүн ар түрдүү багыттары боюнча КСДП комитеттери тууралуу жобону бекитти. Бардыгы 7 комитет жана бир Кеңеш түзүлдү. Алар туруктуу иштеген жумуш органдары болуп, анын курамына КСДПнын мүчөлөрү гана эмес, башка партияларда жок, Социал-демократтар менен ой-санаасы бир активисттер да кире алат.

«КСДП өзүнүн тарыхындагы жаңы этапка кадам таштады жана бул партиялык жана коомдук диалог жүргүзүүнүн, ошондой эле коомдук демилгелерди реализациялоонун аянтчасы болуп калмакчы. Партиялык курулуштун жаңы этабы башталды. Партиялык реформанын башкы максаты – жөн гана жаңылануу эмес, ошондой эле өзгөчө маанилүү болгон партиянын катардагы мүчөлөрү менен жетекчилигинин, ошондой эле партиянын баштапкы уюмдары менен КСДПнын борбордук органдарынын ортосундагы бекем жана туруктуу өз ара байланышты камсыз кыла турган институттарды түзүү. Партиялык тартипти күчөтүү, жер-жерлердеги партиялык ишти активдештирүү каралууда. Эски партиячылар да, партиянын жаңы мүчөлөрү биригип, жаңы форматтагы заманбап партия түзүшмөкчү», -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, эртең, 22-февралда саат 11:00дө КСДП кеңсесинде ЖМКлар үчүн брифинг болуп, анын катышуучулары кабарчылардын бардык суроолоруна жооп берери маалымдалат.