21.12.2018 12:35

КСДП: Матраимовду кызматтан алуу сунушу Сооронбай Жээнбековго 2016-жылы эле берилген

КСДП: Матраимовду кызматтан алуу сунушу Сооронбай Жээнбековго 2016-жылы эле берилген

Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан бошотууну 2016-жылы эле суранган. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди деп жазат  Vesti.kg.

«Бизге кечээ Сапар Исаковдун жактоочусу чалып, бул кырдаал боюнча Сапар Жумакадыровичтин түшүндүрмөсүн айтып берди. 2016-жылы Исаков Президент Аппаратында, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп иштечү. Ошол учурда Алмазбек Атамбаев Исаковго Матраимовду кызматтан бошотуу сунушу менен Жээнбековго кайрылууну тапшырыптыр. Ошондо эле Матраимовдун кыңыр иштери билинип баштаган экен», -деген Жолдубаева. 

Анын айтымында, Сапар Исаков президенттин тапшырмасын аткарган.

«Сооронбай Жээнбеков макул болуптур, бирок ошол боюнча Райымбек Матраимов кызматтан алынган эмес. Мындай сөз болгонун Сапар Жумакадырович өзү деле тастыктап берет», -деп билдирет расмий өкүл.

Эскерте кетсек, жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында, Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Райымбек Матраимов тууралуу сөздөр ал президент болгондон тарта чыгып баштаганын айтып, таңданган. Буга чейин аны кызматтан алуу тууралуу эч ким унчукпаганын билдирген.

«Матраимовдордун үй-бүлөсү ар дайым КСДПга кызмат кылып келген, мен өлкө башчы болоорум менен алардын кереги жок болуп калды. Муну кандай түшүнсө болот?», - деген президент.